• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстандык спортчулар комбат грэпплинг жана ММА боюнча Азия кубогунда 8 медаль жеңишти

Спорт 0

Бишкек, 27.12.21. /Кабар/. Кыргызстандык спортчулар Өзбекстанда өткөн комбат грэпплинг жана нокдаун А (ММА) боюнча Азия кубогунда 8 медаль жеңишти. Бул тууралуу машыктыруучулар штабынан билдиришти.

Мелдеш 22-26-декабрда Ташкент шаарында өттү.

Кыргызстандык спортчулар төмөнкү орундарга илинди:

Чоңдор арасында комбат грэпплинг түрүнөн:

Байыш Айбек уулу — күмүш медаль;
Женишбек Мамбетов — күмүш медаль;
Мыктыбек Рахманов — коло медаль.

Чоңдор арасында нокдаун А (ММА) түрүнөн:

Азамат Султанбаев — алтын медаль;
Нурдөөлөт Самарбек уулу — алтын медаль;
Ибрагим Мыктыбеков — коло медаль.

Кадеттер арасында:

Калыбек Жунушбаев — алтын медаль;
Санжар Исаев — коло медаль.

Белгилей кетсек, команданын машыктыруучусу грэпплинг боюнча дүйнөнүн көп жолку чемпиону Эрали Аскарбеков.

Пикир

Оставить комментарий