• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстандык студенттер Измир шаарында “Студенттердин Эл аралык 10-жолугушуусуна” катышты

Маданият 0

Бишкек, 29-апрель /Кабар/. Кечээ, 28-апрелде Түркиянын Измир шаарынын Торбалы районунда “Студенттердин Эл аралык 10-жолугушуусу” болуп өттү. Иш-чарага дүйнөнүн 50 дөй мамлекетинен өкүлдөр катышты. Бул күнү ар бир мамлекет өздөрүнүн маданиятын башка улуттарга тааныштыруу максатында улуттук кийимдерин кийип, буюм-тайымдарын көргөзмөгө коюп, келген коноктордун суроолоруна жооп берип жатышты. Иш-чара ар бир улуттун ыр-бийлери менен коштолду. Учурда Түркияда билим алып жаткан мекендештерибиз дагы өз өлкөсүн сыймыктануу менен таанытышты.

Эге университетинде магистратурада окуп жаткан Мээрим Сыдыгалиева төмөндөгүлөргө токтолду: “Бул иш-чарага эки жылдан бери катышып келем. Быйылкы жолугушуу өткөн жылдарга салыштырмалуу масштабдуулугу менен айырмаланды. Ошондой эле, кыргызстандык студенттердин саны да мурдагыдан көбүрөөк болду. Негизинен жолугушууга келген коноктордун көпчүлүк бөлүгүн лицейден келген окуучулар түзөт. Алар менен баарлашуу, Кыргызстан тууралуу пикирлерин угуу абдан кызыктуу. Окуучулар көбүнчө: бул жакка кантип келип калдыңыз, мен да чет өлкөдө билим алгым келет, Кыргызстандагы университеттерде билим ала алабызбы? деген сыяктуу суроолорду беришет. Жана дагы биздин салт-санаага кызыгышат, өзгөчө боз үйдүн түзулүшүнө таң калгандар көп”.

Быйылкы жыл президентибиздин жарлыгы менен “Ыйман, адеп жана маданият жылы” деп жарыялаланган, ошонун алкагында кырыз жаштары талыкпастан колдон келген иш-аракеттерин кылышууда. Кыргыздын улуттук кийимдерин кийген биздин мекендештер келген конокторду өздөрүнө тартып, кызыккан буюмдарын түшүндүрүп чечмелеп берип, суроолоруна жооп беришти. Андан сырткары, “Манас” эпосунан үзүндү айтылып, ооз комуз, комуз менен күүлөр чертилди. Иш-чарага келген жергиликтүү калк кыргыздардын маданиятына өзгөчө кызыгып, “биз боордош элбиз, түпкү тегибиз бир, бир тууган элдерденбиз” деп жатышты.

Түркияда Эл аралык мамилелер бөлүмүндө билим алып жаткан Түгөл Нурмаматов иш-чара жөнүндө өзүнүн оюн билдирди: “Кыргызстандык студенттер бүгүнкү иш-чарага активдүү катышып маданиятыбызды, тарыхыбызды таанытканга аракет кылдык. Бул да болсо мекенибиз үчүн кошкон салымыбыз деп эсептейм. Бул программанын максаты эл аралык студеттердин достугун, ынтымагын чыңдоо болуп саналат. Бул иш-чарада көптөгөн башка мамлекеттерден келген жаңы достор менен тааныштык. Бул жогушууга келген адамдарга Кыргызстан жөнүндө кененирээк маалымат берүүгө аракет кылдык. Ооз комуз, комуз, боз-үй, кыл кыяк, тогуз коргоол, Манас эпосу жана башка баалуулуктарыбыз жөнүндө маалымат бердик. Кыргызстандык студенттер муну менен чектелбестен мындан ары дагы маданиятыбыз, мекенибиз үчүн колдон келген аракетибизди жасамакчыбыз”.

“Эл аралык студенттердин 10-жолугушуусуна” Измир шаарынын жана Торбалы районунун жашоочулары, мектеп окуучулары, студенттер жана шаар, район жетекчилери дагы катышышты. Жолугушуу Торбалы районунун акимчилигинин жана Измир эл аралык студенттердин бирикмесинин колдоосу менен өттү. Иш-чарага келген коноктор биздин улуттук кийимдерди кийген мекендештерибиз менен эстеликке сүрөткө түшүп жатышты. Ушул сыяктуу жолугушуулардын уюштурулушу башка элдердин каада-салттарын үйрөнүүгө, чет өлкөлүк студенттер менен достошуп мамиле түзүүгө жана эл аралык мамилелердин өнүгүшүнө шарт түзөт.

Пикир

Оставить комментарий