• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Лейлекте минералдык жер семирткичтерди мыйзамсыз алып өтүүгө бөгөт коюлду

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.02.23. /Кабар/. Лейлекте коңшу республикага минералдык жер семирткичтерди мыйзамсыз алып өтүү иштерине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Лейлек районундагы Арка айылында Hyundai Porter үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа, 30 кап аммиак селитрасы жана 163 кап карбамид минералдык жер семирткичтери менен кармалган. Жүктүн бажылык тариздөөдөн өткөнүн тастыктаган эч кандай документтери болгон эмес.

Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы менен кармалган унаа жооптуу сактоочу жайга коюлуп, жүк Мамлекеттик бажы кызматына өткөрүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий