• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Маданият министри Жаманкулов Жазуучулар союзунун мүчөлөрү менен жолукту

Маданият 0

Бишкек, 22.08.20. /Кабар/. Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөлөрү менен жолукту.

Министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушууда Жаманкулов союзга министрлик тарабынан колдоо көрсөтүлө тургандыгын билдирген.

Азамат Жаманкулов өз сөзүндө министрлик тарабынан аткарылып жаткан иш-аракеттер, алдыда коюлган пландар менен бөлүшүп, союздун мүчөлөрүнүн учурдагы абалынан кабар алды.

Жолугушууга Жазуучулар союзунун төрагасы Нурланбек Калыбеков баштаган союздун бир катар мүчөлөрү катышып, мамлекет тарабынан союздун ишмердүүлүгүнө ар тараптуу колдоо көрсөтүү керектигин белгилешти.

Эске салсак, маданият министрлиги жазуучулар союзу менен буга чейин бир катар жолугушууларды уюштуруп, анда акын – жазуучулардын китептерин басып чыгарууга жана союздун ишмердүүлүгүнө көмөк көрсөтүү маселелери талкууланып келген.

Учурда өлкөдө болуп жаткан пандемияга байланыштуу бул аракеттер убактылуу токтоп тургандыгын билдирүү менен, ага карабай министрликке республикалык бюджеттен 16 млн сом бөлүнүп мамлекеттик тилде улуттук адабияттан баштап, дүйнөлүк классикага чейин котормолорду басып чыгуу алдында тургандыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий