• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

МБК: Бажы мыйзамдарын бузуу фактысы аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 21.11.23. /Кабар/. «Түндүк-Чыгыш» бажысынын кызматкерлери бажы мыйзамдарын бузуу фактысын аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын июль айында Кытайдан «М» ЖЧКсынын дарегине, товар коштоочу документтери боюнча жалпы баасы 640 миң АКШ долларын түзгөн 1 комплект магниттик-резонанстык томография келген.

«М» ЖЧКсы аталган бажы декларациясында товардын баасын 505 миң АКШ долларына арзан баалагандыгы аныкталган. Төлөнбөгөн бажы төлөмдөрүнүн айырмасы 5 млн 432 миң 549 сомду түздү.

Факты КБР МКЖ АДСга катталып, материалдар карап чыгуу жана маңызы боюнча чечим кабыл алуу үчүн Башкы прокуратурасына өткөрүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий