• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Муунтуу ыкмасы! Нурмагомедовдун UFC уюмундагы алгачкы беттешинин видеосу

Спорт 0


Бишкек, 22.01.20. /Кабар/. UFC уюму twitter баракчасына россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедовдун аталган уюмдагы алгачкы беттешинин видеосун жарыялады. Бул тууралуу Р-спорт басылмасы жазат.

Мындан 8 жыл мурун, тактап айтканда, 2012-жылдын 21-январында UFC on FX1 мелдешинде Нурмагомедов ирандык Камал Шалорусду беттештин үчүнчү бөлүгүндө муунтуу ыкмасы менен жеңип алган.

Бүгүнкү күнгө чейин россиялык мушкер бир дагы жолу жеңилген эмес. Анын куржунунда 28 жеңиш бар.

Эскерте кетсек, буга чейин Хабиб Нурмагомедов америкалык Дастин Порье менен беттешип. Аны да муунтуу ыкмасы менен утуп алган.

Пикир

Оставить комментарий