• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Мыкты төкмө-акынга 100 миң сом акчалай сыйлык ыйгарылды

Маданият 0

Бишкек, 23.10.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Таласта салттуу маданий күндөрүнүн алкагында мыкты төкмө-акындар аныкталып, алар акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.
Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, 100 миң сом акчалай сыйлыкка Жалал-Абаддык акын Раматулла Козукеев татыган. Экинчи орунду ээлеп, 70 миң сом акчалай сыйлыкты Таластык акын Абдылда Нуралиев алган. Үчүнчү орунду ээлеген Нарындык акын Нурсултан Иманбек уулуна 50 миң сом ыйгарылды.
Сыйлыктарды тапшыруу аземи күн мурун, 21-октябрда Талас облусундагы К. Медетбеков атындагы музыкалык драма театрында өткөн.
Маалыматка ылайык, акдак грамота жана 5 миң сом акчалай сыйлык менен Амантай Сатылганов (Чүй облусу), Мундузбек Борончиев (Чүй облусу) жана Бакирхан Ибраимовдор сыйланышты (Талас облусу).

Пикир

Оставить комментарий