• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ноокен жана Базар-Коргон райондорунда жол кырсыгын алдын алуу иштери жүргүзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 03.09.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Ноокен жана Базар-Коргон райондорунда жол кырсыктарын алдын алуу боюнча жүргүнчү ташыган такси айдоочуларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан оор кесепеттер менен коштолгон жол кырсыктарынын алдын алуу жана болтурбоо максатында Жалал-Абад - Бишкек багытына жүргүнчү ташыган такси айдоочуларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертмелер таркатылды.

“Эскертме баракчаларында айдоочулардын транспорт каражаттарын дайыма оң абалда кармап, спирт ичимдиктерин ичпей, жолдо ылдамдыкты сактоо, кууп өтүү эрежелерин бузбоо, ошондой эле эмгек режимин бузуп, эс албастан жүргүнчүлөрдү ташыбоосу милдеттендирилип, ар бирине кол койдурулуп алынды”,-деп айтылат маалыматта.

Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү жол кыймылынын катышуучуларын жол эрежелерин так сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий