• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Опера жана балет театрынын жетекчилиги үзгүлтүккө учураган спектакль үчүн көрүүчүлөрдөн кечирим сурады

Маданият 0

Бишкек, 12.03.21. /Кабар/. А.Малдыбаев атындагы Кыргыз академиялык опера жана балет театрынын көркөм жетекчилиги жана анын солисттери “Ак куу көлү” спектаклинин үзгүлтүккө учураганы үчүн көрүүчүлөрдөн кечирим сурады.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылы 6-мартта Опера жана балет театрынын артисттери россия жылдыздарынын катышуусунда “Ак куу көлү” балетине катышуудан баш тартышкан.

Башкы хормейстер, КРнын эмгек сиңирген артисти Карагул Тиленчиев “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында артисттердин кылыгын адискөйлүккө жатпайт деп атады.

Анын айтымында, артисттин башкы максаты – көрүүчүлөр үчүн иштөө. Бул менин пикиримде артист үчүн эң маанилүү болуп саналат. “Биз бул маселени мындай чагымчыл ыкма менен эмес, цивилизациялык жол менен чечсек болмок. Көрүүчүлөр өздөрүнүн убактысын бөлүп, билет сатып алып атайын келишсе алардын алдында мындай кылбаш керек эле. Көрүүчүлөр чыгармачыл жамааттын ичинде эмне болуп жатканына кызыгышпайт, аларды сахнада эмне боло турганы кызыктырат. Бул адискөйлүккө жатпайт. Мындай кыргыз театрынын тарыхында болгон эмес”,-деди артист.

Карагулов мындай коммерциялык спектаклдер Кыргызстанда эле эмес, дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө бар деп белгиледи. Белгилүү балетмейстерлерди, артисттерди чакырып, алардын талантын элге көрсөтүү – дүйнөлүк практика, театрдын деңгээли.

“Ооба, биздин айлык акыбыз аз экени барына маалым, биз турларга чыкпайбыз. Бирок, 2020-жылы ар бир балет артистине 60 миң сомдон сыйлык берилди. Өкмөт өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө жараша колдоо көрсөтүп жатат. Пандемиядан кийин биз октябрь-ноябрь айларында гана толук кандуу иштей баштадык. Ага карабастан репетициялар жана спектаклдер толук жүрүп жатат”,-деди Карагулов.

Башкы хормейстер өзүнүн жана театрдын жамаатынын атынан ошол күнү залда отурган жана ушундай көрүнүшкө күбө болгон ар бир көрүүчүдөн кечирим сурайм деп билдирди.

Өз кезегинде режиссер Найла Рахмадиева маселени чечүүнүн мындай ыкмасы таптакыр туура эмес. “Биз кандайдыр бир профессионалдуу этиканы сакташыбыз зарыл. Сахна артындагы окуялардын бары ошол жакта калыш керек. Биз көрүүчүлөрдүн көзүндө сырдуу, табышмактуу бойдон сакталып калышыбыз керек. Бул сыяктуу жаңжалдар жамааттын ичинде чечилиши абзел”,-дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий