• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

ОшМУда Насирдин Исановдун 80 жылдыгына арналган конференция өтүп жатат

Аймак 0

Бишкек, 31.08.23. /Кабар/. Ош мамлекеттик университетинде (ОшМУ) көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Насирдин Исановдун 80 жылдыгына арналган “Кыргызстандын эгемен жолундагы Насирдин Исановдун ролу: тажрыйбалар жана чакырыктар” аттуу илимий-практикалык конференция башталды. Бул тууралуу аталган окуу жайдан кабарлашты.

Конференциянын пленардык отурумунда жана секциялык иштеринде Кыргызстандын эгемендүүлүк мезгилиндеги саясий, социалдык, экономикалык жана маданий тармактарда туруктуу өнүгүүгө жетишүү үчүн көрүлгөн тарыхый процесстер талкууланат.

Кыргызстандын эгемендик алгандан берки өнүгүү этаптары, негизги саясий окуялар, чакырыктар жана жетишкендиктер анализденет. Экономиканын негизги тармактарын өнүктүрүү чөйрөсүндөгү реформалардын башаты, жүрүшү жана перспективалары талданат. Республиканын тунгуч өкмөт башчысы катары Насирдин Исановдун өлкөнүн саясий турмушундагы тарыхый ролуна жана жаңы саясий системанын калыптанышына кошкон салымына өзгөчө көңүл бурулат.

Конференцияга Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, өлкөнүн көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлери, Россиядан, Өзбекстандан келген окумуштуулар, жогорку окуу жайлардын профессордук-окутуучулук курамы, жалпы коомчулуктун өкүлдөрү катышууда.

Алгач конференциянын катышуучулары университетте ишке ашып жаткан илимий долбоорлор менен таанышып, “Насирдин Исанов жана ОшМУ” аталышындагы документалдуу фильмге күбө болушту.

Сөзгө чыккан мамлекеттик катчысы Суйунбек Касмамбетов, Кыргыз Республикасынын Баатыры, легандарлуу парламенттин төрагасы, коомдук-саясий ишмер Медеткан Шеримкулов, Кыргыз Республикасынын УИАсынын академиги, Кыргызстандын Улуттук ИАсынын президенти Абдыганы Эркебаев, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев, президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев, Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика министри, РИА академиги, профессор (онлайн) Сергей Глазьев, Кыргызстан элинин ассамблеясынын Оштогу бөлүмүнүн төрагасы, профессор Балтагул Нурунбетов, Н.Исановдун кызы Мария Исанова, Н.Исановдун Москвада бирге окуган курсташтары Аскар Молдобаев, Казбек Сапиевдер мамлекеттик жана саясий ишмер Насирдин Исановдун өрнөктүү өмүрү, ишмердүүлүгү, өлкөбүздөн өнүгүп, өсүшүнө кошкон салымдары боюнча сөз кылышты.

Белгилей кетсек, бүгүн президент Садыр Жапаров Ош мамлекеттик университетинде көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер, Кыргызстандын биринчи премьер-министри Насирдин Исановдун Ош шаарындагы эстелигин ачты.

Пикир

Оставить комментарий