• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Оштогу "Жапалак" унаа базарына кошумча үч жол ачуу каралууда

Аймак 0

Бишкек, 01.02.24. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун жетекчилиги астында бир катар мекеме ишканалардын жетекчилери административдик-аймактык реформанын алкагында Төлөйкөн айыл өкмөтүндө жана Жапалак айыл аймагында кошумча жолдорду ачууга мүмкүн болгон аймактарды жеринен көрүп чыкты.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, бул кошумча жолдорду ачуу менен "Жапалак" унаа базарына кеткен жол тыгынынын алды алынып, маселе толугу менен чечилет.

Белгилей кетсек, кошумча жолдорду ачуу үч этапта ишке ашат, тагыраак айтканда Б.Осмонов көчөсүнөн Бирлешкен айылына чейин, Б. Осмонов көчөсүнөн Амир-Тимур көчөсүнө чейин жана Бирлешкен айылынан Жапалак айыл аймагынын Гүлбаар-Төлөйкөн айылына чейин болот.

Калаа башчысы аталган аймакта курула турган альтернативдик жолдорду ачуу жумуштарын баштоо, долборлоо иштерин даярдап бүтүрүү талабын тиешелүү кызматтарга койду.

Кошумчалай кетсек, буга чейин "Жапалак" унаа базарынын айланасындагы 36 гектар жер трансформацияланып, мамлекеттик актысы алынган. Аталган жерге бардык талаптарга жооп берген, заманбап шарттары менен жашылча мөмө-жемиштер жана унаа тетиктери базарын жана логистикалык борборду ачуу болжолдонууда.

Пикир

Оставить комментарий