• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Оштогу "Жылуулук камсыздоо" муниципалдык ишканасы жыл жыйынтыгын чыгарды

Аймак 0

Бишкек, 19.01.22. /Кабар/. 18-январда «Жылуулук камсыздоо» муниципалдык ишканасы жыл жыйынтыгын чыгарды, - деп билдирет Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, ага ишкананын жетекчиси Бекмурза Эргешов, Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрү жана чарба бөлүмүнүн башчысы Урали Романов катышты.

Иш-чарада ишкананын 2021-жылы аткарылган иштери, жетишкендиктери, кемчиликтери тууралуу айтылып, Бекмурза Эргешов 2021-жылы жүзөгө ашырылган жумуштарга токтолду:

1. "Жылуулук камсыздоо" ишканасынын отказандарында жана электр энергия тармагында иштеген кызматкерлердин айлык маянасы жогорулады;

2. Отказандарда иштеген кызматкерлер "Дэу Лабо" үлгүсүндөгү 6 унаа менен камсыз болушту;

3. Ишкананын балансындагы бардык отказандар оңдоо-түзөө иштеринен өтүп, Батыш кичи районуна кошумча 2 отказан коюлду;

4. Үйдүн ички тутумдары (ҮИТ) программасы жакын арада ишке кирүү астында турат;

5. Көмүр менен иштеген 22 отканага 86 даана видео байкоолор сатып алынып, орнотуу боюнча тендер жарыяланды.

Алдыда дагы бир топ приориеттүү долбоорлор бар экени белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий