• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Салык кызматы коммерциялык эмес уюмдарга Жыйынды маалыматты тариздөөнү үйрөттү

Коом 0

Бишкек, 01.02.23. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы коммерциялык эмес уюмдар үчүн акча каражаттарын түзүү булактары, аларды чыгымдоо багыттары, ошондой эле сатып алынган, колдонулуучу жана ажыратылуучу мүлк жөнүндө жыйынды маалыматты электрондук түрдө тариздөө боюнча окутуучу тренинг уюштурду.

Жолугушууларда адистер "Салык төлөөчүнүн жеке кабинетинин" негизги иштөө функциялары менен тааныштырып, каттоодон өтүүнү жана жыйынды маалыматты толтурууну үйрөтүштү.

Эске салсак, акча каражаттарын түзүү булактары, аларды чыгымдоо багыттары, ошондой эле сатып алынган, колдонулуучу жана ажыратылуучу мүлк жөнүндө коммерциялык эмес уюмдун жыйынды маалыматы жыл сайын 1-апрелге чейин Салык кызматынын сайтындагы "жеке кабинети" аркылуу электрондук түрдө берилет. Андан ары берилген маалыматтар Салык кызматынын сайтында коомчулук үчүн ачык жайгаштырылат.

Жыйынды маалыматты акысыз негизде берилген акчалай жана материалдык каражаттардын эсебинен иш жүргүзгөн, иши Кыргыз Республикасынын "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" Мыйзамы менен жөнгө салынган коомдук бирикмелер, фонддор, мекемелер, юридикалык жактардын ассоциациялары берүүгө милдеттүү.

Пикир

Оставить комментарий