• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Сокулук районунда уурулукка шектүү жарандар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.02.22. /Кабар/. Учурда жүргүзүлүп жаткан “Ууру” аталышындагы рейддик иш-чаралардын алкагында Чүй ОИИББнын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн, Сокулук РИИБнин жана Новопавловка айылдык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери уурулукка шектүү жарандарды кармашкан. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 24-январында Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө Новопавловка айылында уюлдук телефонду жашыруун уурдап алган белгисиз адамдарга карата чара көрүү жөнүндө арыз түшкөн. Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинде каралган кылмыш белгилери
боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

Кабыл алынган иш-чаралардын жүрүшүндө бул кылмышка шектүү катары 2001-жылы туулган Н.К. аттуу жаран кармалып, тергөө кызматына жеткирилген.

Ошондой эле 2022-жылдын 12-февралында 1989-жылы туулган М.Ч. аттуу жаран белгисиз адамдарга карата чара көрүү жөнүндө арыз менен кайрылган, ал арызында ар кандай буюмдарды жашыруун уурдап кетишкен деп көрсөткөн. Муну менен жалпы суммасы 30 миң сомго материалдык зыян келтирилгендигин маалымдаган.

Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинде каралган кылмыш белгилери менен Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

Кабыл алынган иш-чаралардын жүрүшүндө бул кылмышка шектүү катары 1981-жылы туулган Ш.В. аттуу жаран кармалып, тергөө кызматына жеткирилген.

Мындан тышкары, 2021-жылдын 12-декабрында Сокулук районунун ички иштер органдарына 1961-жылы туулган Б.К. аттуу жаран арыз менен кайрылып, үйүнө жашыруун түрдө велосипед жана башка буюмдарды уурдап кеткен белгисиз адамдарга карата чара көрүү жөнүндө арызында көрсөткөн.

Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинде каралган кылмыш белгилери боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

Кабыл алынган иш-чаралардын жүрүшүндө бул кылмышты жасоого шектүү катары 1980-туулган жылы К.Т. аттуу жаран кармалып, тергөө кызматына жеткирилген.

Азыркы учурда жогоруда көрсөтүлгөн фактылар боюнча тергөө иш-чаралары улантылууда.

Мындан тышкары аталган жарандардын Чүй облусунун аймагында дагы башка ушул сыяктуу кылмыштарга катышы бар экендиги аныктоо максатында тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий