• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Түрк тараптын маалыматына ылайык, Орхан Инанды Түркияда кылмыш жасап, КРда качып жүргөн — Ташиев

Коом 0

Бишкек, 08.07.21. /Кабар/. Түрк тараптын маалыматына ылайык, Орхан Инанды Түркияда кылмыш жасап, Кыргызстанда качып жүргөн. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) башчысы Камчыбек Ташиев билдирди.

“Эгер ал Кыргызстандын жараны болсо Түркиянын жарандыгынан баш тартышы керек. Ал өзү Түркиянын паспортун колдонуп жүргөн. Ал эгерде Түркияда кырдаал өзгөрсө, ал жакка кетүүнү каалап жүргөн болушу мүмкүн”, - деди Ташиев.

“Эгерде ал Кыргызстанда туулуп, биздин жаран болсо биз мындайга жол бербейт элек”, - деди ал.

Эске сала кетсек, Түркиянын президенти Pежеп Тайып Эрдоган 5-июлда элге кайрылып жатып, "Сапат" билим берүү мекемелеринин башчысы Орхан Инанды кармалып, Түркияга алынып келингенин билдирген.

Инанды 31-майдан 1-июнга караган түнү Бишкекте жоголгон.

Бишкек ШИИББден билдиришкендей, Орхан Инандынын кош жарандыгы бар.

Пикир

Оставить комментарий