• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Турсунбеков: Таза тандоо өнөктүгү өлкөдөгү туруктуулуктун негизи

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 31-июль /Кабар/. Бүгүн, 31-июлда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Өлкөдөгү туруктуулукту орнотууда парламенттин ролу жогору экенин баса белгилеген Төрага Чыныбай Турсунбеков: "Чөлкөмдө алгачкылардан болуп парламенттик-демократиялык өнүгүү жолун тандап алган Кыргызстанда Жогорку Кеӊеш эл менен бийликтин ортосундагы тыгыз байланышты камсыздайт. Мыйзамдардын үстөмдүгү менен мамлекеттеги бийлик бутактарынын теӊ салмакта иш алып барышын да көзөмөлдөйт. Айрыкча өлкөдөгү демократиялык жетишкендиктердин башкы көрсөткүчү болгон шайлоо өнөктүктөрүнүн таза жана ачык-айкын өтүшүндө да Жогорку Кеӊештин жоопкерчилиги арбын", - деди. Ошондой эле, көптөгөн кеӊешүүлөрдүн натыйжасында кабыл алынган чечим биримдиктин ичиндеги ачык, бейтарап диалогдун кеӊейишине гана салым кошпостон, өлкөдөгү саясий уюмдардын бекемделишине да шарт түзөрүнө ишенерин айткан Чыныбай Турсунбеков: "Жогорку Кеӊеш Төрагасы катары өлкөнүн туруктуу өнүгүшү үчүн парламенттик-демократиялык багыттагы өз ишмердүүлүгүмдү уланта берем", - деди.

Андан тышкары, саясий күчтөрдүн консолидациясы зарыл экендигин айткан парламент Төрагасы: "Талапкерлердин арасында татыктуу инсандар арбын. Мамлекетти жакшы башкарып кете турган талапкерди эл өзү тандап алат деген ишеничтемин", - деп билдирди.

Таза тандоо өнөктүгү өлкөдөгү туруктуулуктун негизи экенине токтолгон Чыныбай Турсунбеков: "Быйылкы президенттик шайлоону таза өткөрүлүшү жана бардык талапкерге бирдей шарт түзүп берүү үчүн болгон аракетимди жумшайм", - деди.

Пикир

Оставить комментарий