• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

УКМК: Көлбаевдин УКТ мүчөлөрү мурдагы премьер Сапар Исаковго белек кылган брондолгон унаа кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 30.10.23. /Кабар/. Кыргызстандын экс-премьер-министри Сапар Исаковго К.Асанбектин (Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү тарабынан белекке берилген кымбат баалуу брондолгон унаа кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматынан билдиришти

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, УКМК тарабынан К.Асанбектин жана ага тиешеси бар адамдардын мыйзамсыз алынган мүлктөрүн аныктоо боюнча көрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө КР жараны Р.М.Т. кармалды.

Р.М.Т. К.Асанбектин кылмыштуу жол (рэкет, опузалоо, ишкерлерден опузалап алуу, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү) менен алынган мүлктөрүнүн мыйзамдуулугун көрсөтүү максатында өзүнүн атына каттатып, кийин айрым саясатчыларга өткөрүп бергени аныкталды.

Тактап айтканда, 2020-жылдын октябрь айында М.Рамонов 2015-жылы чыгарылган “Мерседес-Бенц S600” брондолгон унаасын КР экс-премьер-министри С.Исаков абактан чыккандан кийин ага өткөрүп берген. Андан кийин 2020-жылдын 5-октябрында С.Исаков айрым саясатчылар менен биргеликте бул унааны борбордук “Ала-Тоо” аянтында массалык башаламандык уюштуруу аракетинде колдонгон.

Пикир

Оставить комментарий