• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

«Улуу көчмөндөр мурасы» холдинги кытайлык компания менен кызматташат. Меморандумга кол коюлду

Коом 0

Бишкек, 26.08.22./Кабар/. «Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдинг компаниясы менен кытайлык СНМС улуттук компаниясы кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу холдингдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 24-августунда кытайлык СНМС оор машина куруу улуттук компаниясы менен кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.

«Тараптар тоо-кен казуу, гидроэнергетика жана логистика тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүү боюнча иштерди жүргүзүүнү макулдашты», - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий