• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ыламдыкты азайтыңыз! Милиция алыс жолго аттанган такси айдоочулары арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Коом 0

Бишкек, 10.12.20./Кабар/. Милициянын кайгуул кызматынын Техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери алыскы каттамга каттоочу таксилердин айдоочулары менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү улантууда. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кызматкерлер кырсыктардын алдын алуу жана аны болтурбоо максатында Бишкектен алыстык аймактарга жол тарткан такси айдоочуларына жеринен жолугуп, унаалардын техникалык абалын текшерүү менен бирге жол кыймылынынын коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү, үгүттөө иштерин улантууда.

Буга чейинки техникалык жактан жетишпеген кемчиликтерди орундатуу боюнча эскертүүлөрдү эске албаган айдоочуларга жана жол эрежелерин одоно бузган алыскы каттамдарга каттаган такси айдоочуларына карата кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмү тарабынан бир жуманын ичинде жалпысынан 47 бузуулар тууралуу протоколдор толтурулуп, айып салынды.

Ошондой эле айдоочуларга каттамдан келген учурда сөзсүз бир күн эс алып, психологиялык жактан даяр болуп, эртеси күнү каттамга чыгуу эскертилди.

Анткени айдоочунун чарчоосу жол транспорт кырсыгынын келип чыгуусуна алып келиши мүмкүн экендиги эскертилди.

Милициянын кайгуул кызматы жалпы айдоочуларга кыш мезгилинде ылдамдыкты азайтуу менен жол кыймылынын коопсуздук эрежесин так сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий