• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ысык-Көл футбол лигасынын жеңүүчүлөрүнө Жогорку Кеңештин Ардак грамоталары тапшырылды

Спорт 0

Бишкек, 22.01.24. /Кабар/. Ысык-Көл футбол лигасынын 14-сезонунун жеңүүчүлөрүнө Жогорку Кеңештин Ардак грамоталары жана Ыраазычылык каттары тапшырылды.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришкендей, сыйлыктарды «Элдик» депутаттык тобунун лидери, депутат Акылбек Түмөнбаев тапшырды.

Ошондой эле жеңүүчүлөргө демөөрчүлөр тарабынан кубок, медаль, диплом, акчалай сыйлыктар жана эс алуу жайларына сертификаттар, ал эми мыкты оюнчуларга акчалай сыйлык менен кошо белектер тапшырылды.

Белгилей кетсек, футбол лигасынын 14-сезону 2023-жылдын 17-сентябрынан 29-декабрына чейинки аралыкта Бишкек шаарында Кыргыз футбол бирикмесинин оюн талаасында өткөн.

Ушул жылдын 17-февралында 15-сезондук оюндар башталат.

Пикир

Оставить комментарий