• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жаңы перинаталдык борбордун курулушу график боюнча жүрүп жатат - КР ССМ

Коом 0

Бишкек, 07.02.18. /Кабар/. Жаңы перинаталдык борбордун курулушу график боюнча жүрүп жатат,-деп билдирди КР Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө имараттын жер төлөөсүнүн жана биринчи кабатынын курулушу аяктады. Курулушчулар экинчи кабаттын курулушун башташты.

“Курулуш иштери кыш мезгилине туура келип калгандыктан курулуштун бардык нормалары сакталууда. Аба ырайына байланыштуу куруу иштери бир аз кечеңдеди, бирок айтылган убакытта бүтүрүүгө аракет кылабыз”,-деп билдирди техникалык көзөмөл боюнча жергиликтүү инженерлердин жетекчиси Мир Мамутов.

Пикир

Оставить комментарий