• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жаңыдан мандат алган жети депутат Жогорку Кеңеште ант берди

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 03.09.20. /Кабар/. Жогорку Кеңештин 7 жаӊы депутаты парламентте ант берип, өз ыйгарым укуктарын аткарууга киришти. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жаӊыдан депутат болуп келген Молдалиев Сталбек Уметкулович, Сырдыбаев Нурлан Муратбаевич, Турдумамбетов Осмон Жолдошбекович, Койчуманов Мээримбек Нурбекович, Исмаилов Уланбек Чекишевич, Садиков Улугбек, Кенжебаев Байгазы Бобунович ант беришти.

Жогорку Кеӊештин төрагасы Дастанбак Жумабеков жалпы депутаттардын атынан аларды депутат болуп келиши менен куттуктап, эл өкүлчүлүк ишинде ийгиликтерди каалады.

Белгилей кетсек, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутатынын статусу жөнүндө» мыйзамдын талабына ылайык, жаӊы депутат парламентте ант бергенден кийин өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.

Пикир

Оставить комментарий