• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Жалал-Абад облустук милициясынын бир катар кызматкерлери сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 06.06.22. /Кабар/. Бүгүн, 6-июнда Жалал-Абад облустук милициясынын бир катар кызматкерлерине атайын наамдар, медаль жана ардак грамоталар тапшырылды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ИИМ башчысынын буйругу менен Жалал-Абад ОИИБнин маалыматтык технологиялар бөлүмүнүн башчысы Алишер Абдуллаевге милициянын полковниги наамы ыйгарылды.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынын улук инспектору Нурдинбек Жээнтаевге спортто жетишкен ийгиликтери үчүн кыргыз дене тарбия спорттук “Динамо” коомдук бирикмесинин “90 жыл” медалы тапшырылды.

Ошондой эле өздөрүнүн кызматтык милдеттерине карата жоопкерчиликтүү мамиле кылгандыктары, кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө, коомдук коопсуздукту сактоодо кошкон зор салымдары үчүн Жалал-Абад ОИИБнин Криминалистикалык кызматынын бир катар кызматкерлери ардак грамоталар менен сыйланышты.

Пикир

Оставить комментарий