• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Жалал-Абад облусунун аймагында жер титиреди

Кырсык 0

Бишкек, 11.06.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун аймагында жер титиреди, - деп билдирет КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

КРнын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн, 11-июнда саат 14:58де Жалал-Абад облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен.

Жер титирөө Ноокен районунун Көк-Таш, Кара-Булак, Тоскоол, Эски-Маасы айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий