• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абад шаарында арзан баадагы ун сатылууда

Аймак 0

Бишкек, 16.02.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында арзан баадагы ун сатылууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шаардагы муниципалдык базарда 1-сорттогу ундун бир мүшөгү 1650 сомдон, өсүмдүк майынын беш литри 525 сом, кумшекердин килограммы 75 сом, уй этинин килограммы 450 сом, картошканын килограммы 33 сом, пияздын килограммы 45 сомдон сатылууда.

Белгилей кетсек, мындай арзандатуу шаар мэри Эрнисбек Ормоковдун элди арзан баадагы азык-түлүк менен камсыздоо жана муниципалдык базардын ишин жандантуу боюнча берген тапшырмасынын негизинде уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий