• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Жалал-Абад шаарындагы «Нооруз» сейил багына эмен көчөттөрү отургузулду

Аймак 0

Бишкек, 15.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 15-мартта Жалал-Абад шаарынын Спутник кичирайонундагы “Нооруз” сейил багына эмен дарагынын 100 түп көчөтү отургузулду. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алдыда эмен көчөттөрү шаардагы “Токтогул” жана “Жеңиш” сейил бактарына да отургузулат.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаардык Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу департаменти быйыл шаар аймагына отургузуу үчүн 500 дана эмен дарагын тендер аркылуу сатып алган.

Пикир

Оставить комментарий