• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абадда кооптуу аймакта жашаган 942 үй-бүлө ссуда алып, бирок көчпөй келет

Аймак 0

Бишкек, 05.02.21. /Кабар/. Жалал-Абадда жер тилкелери берилип, мамлекеттик ссуда алган 942 үй-бүлө кооптуу аймактардан көчпөй келет. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, облустагы кооптуу аймактарда жашаган үй-бүлөлөрдү көчүрүү аракети күчөтүлөт. Аталган багытта Жарандык коргонуунун көчүрүү комиссиясы жыйын өткөрдү. Ага облус башчысынын орун басары Ырысбек Ызабеков жана тийиштүү тармактардын кызматкерлери катышып, бир катар чечимдерди кабыл алды.

Бүгүнкү күнгө чейин облус боюнча 1 миң 286 үй-бүлөнүн кооптуу аймактарда жашагандыгы аныкталган. Алардын ичинен 942сине жер тилкелери берилип, мамлекеттик ссудаларды алышкан. Бирок бүгүнкү күнгө чейин көрсөтүлгөн жардам жана эскертүүлөргө карабай кооптуу аймактарда жашап келишет.

2020-жылы жүргүзүлгөн иш аракеттердин натыйжасында 185 үй-бүлө көчүрүлгөн. Аталган жайларда жашагандардын басымдуу бөлүгү Сузак районуна туура келет. Анда 642 үй-бүлө бар. Бул көрсөткүч Базар-Коргон районунда - 291, Аксы районунда - 142, Майлуу-Суу шаарына - 100, Жалал-Абад шаарыданда - 82, Ноокен районунда - 17, Кара-Көл шаарында - 12.

Тилкелерде жер көчкү коркунучу жогору. Мындан сырткары, сел, суу ташкындары, жер эрозиясы, таш кулоо, кыртыш сууларынын көтөрүлүү кооптуулугу да бар. Өткөн жылы эскертүүлөргө баш ийбеген 36 үй-бүлөнүн материалдары сот органдарына өткөрүлүп берилген.

Жыйында жаз-жай айларында кооптуулук дагы да жогору болоору айтылды. Адам өмүрүн сактап, материалдык чыгымдарды болтурбоо үчүн алдын алуу чараларын күчөтүү тапшырмасы берилди. Бул багытта комиссия мүчөлөрү жана жергиликтүү бийлик жетекчилерине жеткиликтүү түшүндүрүү иштерин алып баруу милдеттендирилди.

Пикир

Оставить комментарий