• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

"Жалалабатэлектр" ААКсы кар астында калган аба чубалгысын калыбына келтирди

Аймак 0

Бишкек, 18.02.22. /Кабар/. "Жалалабатэлектр" ААКсы жардам ирээтинде кар астында калган аба чубалгысын калыбына келтирди. Бул тууралуу аталган ишканадан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кар көчкүнүн кесепетинен 110-35-10кВ "Урумбаш" көмөк чордонунан кеткен 10 кВ "Южный тоннель" аба чубалгысынын №45 электр мамычасы кар астында калып, электр энергиясы үзгүлтүккө учураган.

Аталган жерде Жалал-Абад-Казарман-Балыкчы жолу курулуп жатат. Аба чубалгы курулуш компаниянын балансында. Ага карабастан, жумуштун жүрүшүнө тоскоолдук жаралбашы үчүн "Жалалабатэлектро" үзүлгөндү улап, электр жабдууларды калыбына келтирди.

Көк-Арт район электр тармактар ишканасынан 12 кызматкер тартылып, 44 жана 46 электр мамычалардын аралыгына 300 метр ЦИП зымын тартып беришти.

Пикир

Оставить комментарий