• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

ЖРТдан эң жогорку балл алган бүтүрүүчү белгилүү болду

Билим 0

Бишкек, 27.06.22. /Кабар/. 2022-жылы жалпы республикалык тестирлөөдө (ЖРТ) 57 окуучу эң жогорку баллга ээ болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Быйыл эң жогорку балл 235 болуп, аны Бишкек шаарындагы №70 мектеп-гимназиясынын бүтүрүүчүсү Эрлан Көлбаев алды.

Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча 235тен 221ге чейин упай топтогондор:

  • Бишкек шаарынан – 35 окуучу;
  • Ош облусу – 7 окуучу;
  • Ысык-Көл облусу – 5 окуучу;
  • Чүй облусу – 4 окуучу;
  • Баткен облусу – 3 окуучу;
  • Нарын облусу – 2 окуучу;
  • Жалал-Абад облусу – 1 окуучу.

Белгилей кетсек, 24-25-июнда өткөн ЖРТнын III этабынын жыйынтыгы менен тизме толукталышы мүмкүн. 2021-2022-окуу жылында 9-классты 106 миң 219 бүтүрүүчү, 11-классты 67 миң 45 бүтүрүүчү аяктады.

Пикир

Оставить комментарий