• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Жугуштуу оорулар ооруканасына Соль-Илецктен келген эне баласы менен жаткырылды

COVID - 19 0

Бишкек, 14.05.20. /Кабар/. Жугуштуу оорулар ооруканасына Соль-Илецктен келген эне баласы менен жаткырылды. Бул тууралуу коронавируска каршы Ресубликалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 11-майда “Семетей” обсервациясынан тез жардам унаасы менен шаардык балдар клиникалык ооруканасына кичинекей бала жеткирилген. Ал курч энтероколит кан катуу, орточо оор даражада деген диагноз менен ооруканага жеткирилгендиги айтылат. Бала шашылыш көрсөтмө боюнча энеси менен өзүнчө бокско жаткырылып, өзүнчө кирип, чыгуусу каралган (баланын атасынан оң жыйынтыкты эске алып).

Биринчи алынган ПЧР-анализдери экөөнүкү тең терс жыйынтык көрсөткөн. ШБКОдо ПЧР-диагнозуна кайталанып алынган анализдери оң жыйынтык көрсөттү. 13-майда экөө тең Республикалык жугуштуу оорулар клиникасына которулган.

Бардык коопсуздук чаралары сакталган, бейтапка жардам көрсөткөн медициналык персоналдар (дарыгер, 2 медайым), жеке коргонуу каражаттары менен иштеген. ОААжМСЭКБ жайларды дезинфекциялоо иштери жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий