• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Жарым жылда Жогорку Кеңешти каржылоого бюджеттен дээрлик 600 млн сом бөлүнгөн

Коом 0

Бишкек, 04.07.23. /Кабар/. Жыл башынан бери Жогорку Кеңештин чыгымдарын каржылоого бюджеттен 571 млн 752,1 миң сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Финансы министрлигинин 1-январдан 30-июнга чейинки республикалык бюджеттин кассалык аткарылышы боюнча отчетунда айтылат.

Каражаттын негизги бөлүгүн Жогорку Кеңештин депутаттарынын, алардын жардамчыларынын жана башка адистердин эмгек акысы түзөт. Бул сумма 398 млн 526,1 миң сомду же бөлүнгөн акчанын 69,7%ын түзөт.

Унаа жана жабдуулар үчүн 21 млн 339 миң сомдон ашуун, ошондой эле кызматтык сапарлар үчүн 15 млн 540 миң сом каралган.

Пикир

Оставить комментарий