• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

7-декабрга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 06.12.21. /Кабар/. Эртең, 7-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу аймактарында жамгыр, кар жаайт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн -2...+3, күндүз 7...12, Талас облусунда түнкүсүн -2...+3, күндүз 6...11 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2...-7, күндүз 2...7, Нарын облусунда түнкүсүн -11...-16, күндүз 0...-5 градус суук болот.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы түнкүсүн -1...+4, күндүз 8...13 градус жылуу болушу күтүлөт.

Ал эми борбор калаабыз Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1, күндүз 9…11 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий