• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Абылгазиев Түштүк Кореянын премьер-министри менен болгон сүйлөшүүлөр тууралуу айтып берди

Саясат 0

Бишкек, 18.07.19. /Кабар/. Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкекке расмий визит менен келген Түштүк Кореянын премьер-министри Ли Нак Ён менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу айтып берди.

Анын айтуусунда, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө соода, инвестиция, айыл-чарба, саламаттык сактоо тармагындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, санариптештирүү, билим берүү жана региондорду өнүктүрүү тармактарындагы кызматташтыкты бекемдөө жана өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Өкмөт башча баса белгилегендей, күн тартибинде турган баардык маселелер боюнча бир пикирге келишкен жана келечекке болгон пландарды аныкташты.

"Негизги темалардын бири - бул товар алмашууну көбөйтүү. Премьер-министр Ли Нак Ён абройлуу корей ишкерлерин өзү менен бирге Кыргызстанга ала келиши – бизди абдан кубандырды жана расмий иш сапардын алкагында учурда бизнес форум өтүп жаткандыгын белгилеп кетем. Бизнес форумдун биринчи күнүнүн жыйынтыгы менен бир катар бизнес-келишимдер жана инвестициялык, анын ичинде була-оптикалык чубалгыларды (кабелдерди) чыгаруучу заводдун жана спорттук-ден соолукту чыңдоочу клубдун курулушу боюнча макулдашуулар түзүлдү", - деди Мухаммедкалый Абылгазиев жана бүгүн бизнес-форум В2В түрүндө уланып жатканын кошумчалады.

Мухаммедкалый Абылгазиев кыргыз-корей ишкерлеринин биргелешкен демилгелерин жеке өзү колдоого аларын баса көрсөтүп, 2010-жылдан 2018-жылга чейин атамекендик экономикага 68,8 млн АКШ доллары түз корей инвестициялары келгендигин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий