• 88.68
  • 95
  • 0.95

Айбек Артыкбаев Ирандын элчисинен ишеним грамоталарынын көчүрмөсүн кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 06.07.23. /Кабар/. Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев Ирандын Кыргызстандагы элчиси Голам Хоссейн Ядегарини ишеним грамоталарынын көчүрмөсүн тапшырганына байланыштуу кабыл алды.

КР ТИМден билдиришкендей, Айбек Артыкбаев Голам Хоссейн Ядегарини Ирандын Кыргызстандагы элчиси болуп дайындалышы менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалады.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Артыкбаев соода-экономикалык кызматташтыкты, ошондой эле эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүүнү чыңдоонун жана мындан ары кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Ошондой эле министрдин орун басары элчини 2023-жылдын 4-июлунда ШКУнун Саммитинин алкагында ыйгарылган Ирандын ШКУнун толук кандуу мүчөсү статусун алышы менен куттуктады.

Жолугушуунун соңунда тараптар эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча мындан аркы биргелешкен иштерди улантууга даяр экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий