• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Акылбек Жапаров германиялык компаниялардын өкүлдөрүнөн турган делегацияны кабыл алды

Өкмөт 0

Бишкек, 06.04.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз-Герман Ишкер кеңешинин германиялык бөлүгүнүн теңтөрагасы, Гамбургдагы Кыргызстандын ардактуу консулу Карл Элердинг жетектеген германиялык компаниялардын делегациясын кабыл алды.

Жолугушууда инвестиция, маалымат технологиялары, курулуш, өнөр жай тармагындагы кызматташуу маселелери талкууланды.

Министрлер кабинетинин башчысы акыркы жылдары Кыргызстан менен Германиянын ортосунда саясий жана экономикалык өз ара аракеттенүү динамикалуу өнүгүп жатканын айтып, Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайердин 2023-жылдын июнь айында Кыргызстанга жасаган расмий сапарын жана Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун 2023-жылдын сентябрь айында Берлинге болгон жумушчу сапарын белгиледи.

Ал ошондой эле «Гамбургдагы Кыргыз экономикасынын күнү» иш-чарасына катышканын, анын жыйынтыгында бир катар герман компаниялары Кыргызстанга келип, конкреттүү инвестициялык долбоорлордун үстүндө иштей баштаганын эске салды.

«Мындай иш-чаралар Кыргыз Республикасын инвестиция үчүн ачык эле эмес, өзүнүн артыкчылыктарын көрсөтүүгө мүмкүнчүлүгү бар өлкө катары таанылышына өбөлгө түзөт. Биз Германия менен болгон мамилебизди жогору баалайбыз жана аны бардык багыттар боюнча мындан ары тереңдетүүгө жана кеңейтүүнү көздөйбүз», - деп баса белгиледи Акылбек Жапаров.

Өз кезегинде Карл Элердинг «Германия Кыргызстандын чоң досу» экенин айтып, эки тарапты кызыктырган бардык долбоорлорду колдоого даяр экенин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий