• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ар бир алтынчы эркек Бишкекте жашайт — Эртең Мекен коргоочулардын күнү белгиленет

Коом 0

Бишкек, 22.03.23. /Кабар/. Кыргызстанда эртең, 23-февралда Ата Мекенди коргоочулардын күнү белгиленет.

Бул датага карата Улуттук статистика комитети даярдаган маалыматка таянсак, республиканын калкынын жалпы санында эркектердин салыштырма салмагы узак убакыт бою өзгөрүүсүз калууда – 49,6%. 2022-жылдын башында республикадагы эркектердин саны 3,3 млн. адамды түзгөн (2022-жылдагы эл каттоонун маалыматтарын кошпогондо).

Республикадагы эркектердин үчтөн экисин айыл жерлеринде жашаган эркектер түзөт. Ар бир алтынчы эркек Бишкек шаарында жашайт.

Эркектер бардык ишмердик чөйрөсүндө эмгектенишет. Эмгекке жарамдуу жаш курактагы эркектердин иш менен камсыз болуусунун деңгээли жетишээрлик жогору жана 76%ды түзөт. Иштеген эркектердин орточо жаш курагы 37 жашты түзөт. Өлкөнүн экономикасында эмгектенген ар бир алтынчы эркектин жаш курагы 25-29 жашты түзөт. Курулуш, транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо, электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу), пайдалуу кендерди казуу сыяктуу ишмердиктин түрлөрү “эркектер” гана эмгектенген иштер болуп саналат.

2021-жылы 51 миңге жакын эркек никеге турган. Эркектер 20-29 жашта үй-бүлөө курууга басым жасашат. Мында 45,7 миң эркек биринчи жолу үй-бүлө курган. Никеге турган ар бир экинчи эркек 25-29 жашта, ал эми ар бир үчүнчү эркек 20-24 жашта болгон.

2021-жылы биринчи жолу никеге турган эркектердин орточо жаш курагы 27,3 жашты, ал эми кайрадан никеге турган эркектердин жаш курагы 39,3 жашты түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий