• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бүгүн кечинде Бишкекте айрым троллейбус каттамдары убактылуу токтотулат

Коом 0

Бишкек. 12.04.24. /Кабар/. Бишкекте 12-апрелде айрым троллейбус каттамдары убактылуу токтотулат, деп билдирет муниципалитеттин басма сөз кызматы.

Ага ылайык, саат 19:00дөн тартып №11 жана №17 троллейбус каттамдары убактылуу токтотулат. Мындан тышкары, №10 троллейбус каттамы жарым-жартылай өзгөртүлдү. Кыймыл "Фрунзе" заводунан 8-кичи районуна чейин жүргүзүлөт.

Шаардык троллейбус каттамдарынын ишиндеги убактылуу өзгөрүүлөр "Асанбай" бурулуш акыркы пунктунда канализация иштерин жүргүзүү зарылчылыгынан улам келип чыккан.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын 13-апрелинен тарта бардык троллейбустар линияга чыгып, кадимки режимде иштей баштайт.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана жүргүнчүлөрдөн өзгөрүүлөрдү эске алуу менен сапарларын алдын ала пландаштырууну суранат.

Пикир

Оставить комментарий