• 88.68
  • 95
  • 0.95

29-августка карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 29.08.22. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 29-августка карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй жана Талас облустарында +26...+31, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +29...+34, Ысык-Көлдө облусунда +19...+24, Нарын облусунда +20...+25 градуска чейин көтөрүлөт.

Бишкек шаарында +28...+30, Ош шаарында +32...+34, Чолпон-Атада +19...+21 градус жылуу болот.

Пикир

Оставить комментарий