• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Балбан Бекзат Алмаз уулу Түркиядагы мелдеште алтын медалга татыды

Спорт 0

Бишкек, 09.03.24./Кабар/. Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Бекзат Алмаз уулу Түркиядагы "Yasar Dogu, Vehbe Emre & Hamit Kaplan" эл аралык мелдешинде алтын медалга татыды.

Аталган мелдеш 7-марттан 11-мартка чейин Анталия шаарында өтүүдө.

Мелдешке спортчу 57 кг чейинки салмакта 1/8 финалдан тарта катышып, алгач ирандык спортчуну жеңди. Ал эми чейрек финалда дагы бир кыргызстандык балбан Бекболот Мырзаназар уулун артта калтырды. Жарым финалда Алмаз уулу казакстандык спортчуну жеңип, финалга чыкты. Ал эми алтын үчүн күрөштө кыргыз балбаны россиялык спортчуну жеңип, алтын медаль утту.

Пикир

Оставить комментарий