• 88.68
  • 95
  • 0.95

Башкы прокуратура: Чек ара чатагы боюнча тергөө иши башталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.05.21. /Кабар/. Чек ара чатагы боюнча тергөө иши башталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 29-апрелинде саат 04:40 ченде Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Көк-Таш айылынын Көчө-Бою аттуу жеринде, Баткен районунун жергиликтүү тургундары менен тажик тараптан башталган Тажикстандын жарандарынын ортосунда кагылышуулар болгон.

Андан кийин, Тажикстандын аскерлери Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда 2004-жылдын 26-майында түзүлгөн жакшы коңшулук жана өнөктөштүк мамилелер жөнүндөгү Келишимди, тынчтыкта жашоо принциптерин, достук жана кошуналык мамилелерди бузуп, Кыргызстандын аймагын басып алуу максатында Кыргызстандын суверендүүлүгү менен бүтүндүгүнө кол салып, жүзү каралык менен биздин өлкөнүн аймагына кирип, чек араны өз алдынча бузуп, себепсиз түрдө тынч жашаган жарандарды, чек араны коргогон аскер, жарандардын коопсуздугун камсыз кылган укук коргоо органдарынын кызматкерлерин массалык түрдө өлтүрүп, автоматтардан, миномёттордон, бронетехникалардан, аскердик тик учактардан жана башка аскердик куралдардан ок чыгарышкан.

Андан кийин, Тажикстандын аскер кызматкерлери миномёт жана аскердик тик учактарды колдонуу менен “Булак-Башы”, “Капчыгай”, “Достук”, “Миң-Булак” чек ара тозотторуна “Кожожар”, “Кызыл-Бел” чек ара постторуна жана Баткен, Лейлек райондорунун калктуу пункттарына кол салышып, Кыргызстандын калктуу конуштарын жана аймактарын басып алышкан.

Тажикстандын аскер кызматкерлери тарабынан куралдуу кол салуунун кесепетинен Кыргызстандын укук коргоо органдарынын кызматкерлери, аскер адамдары жана жарандарынын арасынан октон жана жарылмалардан көптөгөн адамдар ар кандай жаракаттарды алышып, алардын ичинен каза болгондор да болду, ошондой эле Кыргызстандын жарандык жана аскер объектилери талкаланып зыянга учурады.

Тажикстандын аскер кызматкерлеринин жогорудагыдай аракеттери Кыргызстандын бүтүндүгү менен суверинитетине карата алдын ала пландаштырылган жалаа менен агрессияны айгинелейт.

Алардын аракетинде пландаштыруу, агрессивдүү түрдөгү куралданууга даярдык, аны таңылоо, эл аралык келишимдер менен бүтүмдөрдү бузуу менен агрессиялык согушту жүргүзүү байкалат.

2021-жылдын 29-апрелинде бул факты КР Башкы прокуратурасы тарабынан КЖБРге КР Жазык кодексинин 380-беренеси (тынчтыкка каршы кылмыштар) менен катталды.

Сотко чейинки өндүрүш иши боюнча тергөөнү жүргүзүү жагы КР УКМКнын, ИИМдин жана Аскер прокуратурасынын кызматкерлеринен турган ведомстволор аралык тергөө тобуна тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий