• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткенде калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо боюнча акысыз кеңештер берилүүдө

Аймак 0

Бишкек, 25.08.21. /Кабар/. Баткен облусунда калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо боюнча акысыз кеп-кеңештер берилүүдө. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, калкка кеп-кеңеш берүү «Тилектештик автобусу» долбоорунун алкагында жүргүзүлүп, ал үчүн Санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин үч кызматкерин бөлүнгөн.

"Жарандык абалдын актылары, калкты паспорттоштуруу жана каттоо боюнча маселелерден тышкары, жарандар башка жарандык, үй-бүлөлүк, эмгек, юридикалык маселелер боюнча кайрылып жатышат. Бул маселелердин бардыгы боюнча башка мамлекеттик органдар «Тилектештик автобусун» долбоордун алкагында өзүнүн аймактык бөлүмдөрүнүн адистери менен камсыз кылышкан",-деп айтылат маалыматта.

Министрликтен белгилегендей, акция ушул жылдын 2-августунда башталган, 27-августунда аяктайт. «Тилектештик автобусу» бир күндө эки калктуу конушта иш алып барат. Орточо эсеп менен күнүнө 30дан 100гө чейинки жаран акысыз консультациялык-укуктук жардам алышат. Акция Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондоруна тургундары үчүн каралган.

Эскерте кетсек, калктын адистер менен болгон жолугушуулары өлкөдө коронавирустук инфекциянын жайылышына байланыштуу бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарды эске алуу менен айыл өкмөттөрүндө жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий