• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Баткенде жалпы республикалык тестирлөөнү тапшыруу үчүн 3 миң 226 окуучу каттоодон өткөн

Аймак 0

Бишкек, 08.06.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Баткен облусунда жалпы республикалык тестирлөөнү тапшыруу үчүн 3 миң 226 окуучу каттоодон өттү. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Чынар Саттарова брифингде билдирди.

Анын айтымында, облус боюнча мектепти 5 миң 11 окуучу аяктайт.

"Тестирлөө санитардык нормаларды сактоо менен жүргүзүлөт. Баткен боюнча 8 мектеп тандалып алынган. Ал жерлерде даярдыктар жүрүүдө. Бүтүрүүчүлөрдүн коопсуздугун медиктер жана укук коргоо кызматкерлери көзөмөлдөйт", - дейт ал.

Белгилей кетсек, Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстан боюнча 41 миң 727 абитуриент жалпы республикалык тестирлөөгө каттоодон өттү.

Жалпы республикалык тестирлөө 3 баскычта өтөт. 21-июнда негизги тест, 22-июнда кошумча сабактар боюнча тест тапшырылат. Экинчи этап 24-25-июнда, үчүнчү этап 11-12-июлда өтөт.

ЖРТга каттоо 15-майда аяктаган.

Пикир

Оставить комментарий