• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткендеги Суу-Башы каналы пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 24.07.23. /Кабар/. Баткен районунун Кара-Булак айылындагы Суу-Башы каналынын курулушу аяктап, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президентитин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

СаамалыккаБаткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев, район акими Учкунбек Жоробаев, Кыргызстан аалымдар кеңешинин мүчөсү Абдышүкүр ажы Нарматов, Эмират-Эл аралык кайрымдуулук уюмунун Кыргызстандагы жетекчиси Рахматулла Эгембердиев жана айыл тургундары катышты.

Аталган канал 1964-жылы курулуп, эскилиги жеткендиктен суу 50 %га чейин жоготууга учурап, натыйжада айылда суу таңкыстыгы жаралган.

Бул көйгөйдү чечүү үчүн үстүбүздөгү жылдын башында эл менен жергиликтүү бийликтин биргелешкен аракети астында каналдын жарактан чыккан бөлүгүн кайра куруу пландаштырылган. Демилге Эмират кайрымдуулук уюмунун колдоого алынып, курулуш башталган.

Натыйжада узундугу жалпы 20 км болгон каналдын 2,500 км кайрадан курулду. Курулуштун жалпы сметалык баасы 14 млн 600миң сомду түздү.

Тагыраагы "Эмират" Эл аралык кайрымдуулук фонду тарабынан 60 миң АКШ доллары, жергиликтүү бюджеттен 1 млн 750 миң сом каражат жумшалды.

Каналдын курулушу менен айылдын 550 га кургап кеткен жери суу менен камсыз болот. Учурда 1 кубка жакын суу келүүдө.

Облус башчысы Абдикарим Алимбаев курулуш иштерине көмөктөшкөн айыл жаштарына, курулушчуларды колдоп кубаттап, жардамдарын берген айылдын улуу муун өкүлдөрүнө, жергиликтүү демөөрчүлөргө, “Эмират” Эл аралык кайрымдуулук уюмунун жетекчилигине жана инвестор тартууда салым кошкон жергиликтүү кеңештин депутаты Замир Сейитказиевге ыраазычылык билдирди.

"Мына ушундай ынтымак,биримдик менен каналдын курулушу аягына жетти. Баарыңыздарды сууну үнөмдүү, жана максаттуу пайдаланууга чакырам. Касиеттүү Суу-Башы булагыбыздын суусу Кара-Булак айылын дагы да көрктөндүрүп, өнүктүрө берсин.Айылдын ынтымагы,биримдиги башкаларга үлгү болсун" деп белгиледи өкүл өз сөзүндө.

Пикир

Оставить комментарий