• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Баткенге өзгөчө статус берүү маселеси иштеп чыгуу баскычында турат – Иманалиев

Коом 0

Бишкек, 10.03.21. /Кабар/. Баткен облусуна өзгөчө статус берүү маселеси азыркы учурда иштеп чыгуу баскычында турат. Бул тууралуу брифингде КР экономика жана финансы министринин орун басары Данияр Иманалиев билдирди.

Анын айтымында, аталган статус төмөнкүлөргө жол ачат:

  • Аймакты өнүктүрүү бюджетин өз алдынча түзүү;
  • Облустун ичиндеги башкаруу структурасын өз алдынча түзүү;
  • Калктын башкаруу чечимдерин кабыл алууга катышуусун камсыздоо.

“Акыркы элемент өтө маанилүү болуп саналат, анткени биз комплекстүү маселелер боюнча мамлекеттик структура менен жергиликтүү калктын ортосундагы байланыштар тууралуу айтып жатабыз”, - деди ал.

Ал маселелер экономикалык өнүгүү, социалдык туруктуулук, жумушчу орундарын түзүү, инфраструктураны өнүктүрүү, миграция маселелерине байланыштуу болорун түшүндүрдү.

“Мындан тышкары, губернатордук институттун ыйгарым укуктарын күчөтүүгө өзгөчө статус берүү да каралууда. Ошондой эле, облустук өкмөт жана облустук кеңеш түзүлүшү мүмкүн. Азыркы учурда аталган маселелер иштеп чыгуу баскычында турат, бардык талкуулардан кийин акыркы чечим айтылат”, - деди Иманалиев.

Эскерте кетсек, мындан мурун КР премьер-министри Улукбек Марипов өзүнүн фейсбуктагы баракчасына видеокайрылуу жасап, анда азыркы учурда Баткен облусуна өзгөчө статус берүү маселеси каралып жатат деп билдирген.

Пикир

Оставить комментарий