• 88.68
  • 95
  • 0.95

Базар-Коргондо Батирбек Жураев жети айдан бери дайынсыз болууда

Аймак 0

Бишкек, 08.02.23. /Кабар/. Базарр-Коргондо Жураев Батирбек Юнусович жети айдан бери дайынсыз болууда. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал Көк-Алма айылынын тургуну, 2022-жылдын 26-июль күнү саат 08:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз.

Белгилери: Бою 160-165 см, орто дене түзүлүштө, сары жүздүү, чачы кара кыска, психикалык жактан жабыркайт, эс тутуму начар, 2-топтогу майып.

Кийген кийимдери: кара түстөгү футболка, шым, ботинка болгон.

"Учурда Жураев Батирбек Юнусовичтин жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт. Аны көргөн-билгендер болсо төмөнкү номерлерге билдирип коюңуздарды өтүнөбүз: 102, (03736) 5 02 61, 0776 10 30 30", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий