• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте эркек киши өз жанын кыюуга аракет кылган

Кырсык 0

Бишкек, 01.03.23. /Кабар/. Бишкекте эркек киши башка адамдын унаасында колунун тамырларын кесип, өз жанын кыюуга аракет кылган. Бул тууралуу медицина кызматкерлери Facebook`тагы баракчасына жазды.

“Ал адам унаанын ичин булгап албоо үчүн канын кылдаттык менен бөтөлкөгө куйган. Ошентип “ардактуу донор” дээрлик 1,2 литр кан чогулткан”, - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, жабырлануучу ооруканага жеткирилип, ага тийиштүү медициналык жардам көрсөтүлгөн. Учурда анын өмүрүнө жана саламаттыгына эч кандай коркунуч жок.

Пикир

Оставить комментарий