• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Ош облусунун аймагында жер титиреди

Кырсык 0

Бишкек, 06.09.20. /Кабар/.Ош облусунун аймагында жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 6-сентябрда саат 09:46да Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жердин силкинүүсү Алай районунун Ак-Босого айылында 3 балл, Сары-Таш, Арча-Булак, Кызыл-Алай айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок

Пикир

Оставить комментарий