• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте мектептерге интерактивдүү панелдерди сатып алууга сертификат тапшыруу уланууда

Коом 0

Бишкек, 22.12.23. /Кабар/. Бишкекте мектептерге интерактивдүү панелдерди сатып алууга сертификат тапшыруу уланууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинде интерактивдүү панелдерди сатып алууга сертификаттарды тапшыруу боюнча салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Анда Свердлов районунун башчысынын орун басары Асел Сыдыкова райондун мектептерине жана балдар чыгармачылык борборуна интерактивдүү панелдерди сатып алууга сертификаттарды тапшырды.

Асел Сыдыкова бул панелдер заманбап стандарттарга жооп бере турган сабактарды өткөрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, бүтүрүүчүлөрүбүздү алдыдагы бардык экзамендерге даярдоого, анын ичинде атайын сертификаттарды алууга жардам берет деген ишенимин билдирди.

Иш-чаранын алкагында катышуучулар үчүн интерактивдүү панелдердин бардык функцияларын жана мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу боюнча тренинг өткөрүлдү.

Белгилей кетсек, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана мектептердин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу максатында окутууга заманбап инструменттер киргизилип жатат, алар окуучулардын сабакка кызыгуусун, катышуусун жогорулатууга жардам берет. Мындай куралдардын бири интерактивдүү панель.

Эскерте кетсек, буга чейин сертификаттар Биринчи районундагы мектептерге тапшырылган.

Пикир

Оставить комментарий