• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте эмгеги менен өзгөчөлөнгөн энергетиктерди сыйлоо аземи өттү

Коом 0

Бишкек, 22.12.23. /Кабар/. Бүгүн Кыргызстанда энергетиктер кесиптик майрамын белгилөөдө. Буга карата Энергетика министрлигинде атайын иш-чара уюштурулуп, ага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, энергетика министри Таалайбек Ибраев, ЖК депутаттары, бир катар министрлер, КРнын Аялдар конгресси жана энергетика тармагынын ардагерлери катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров энергетика тармагындагы реформаларга жана алдыдагы жасала турган конкреттүү пландарга токтолду. Муну менен катар айрым энергетиктер министрлер кабинетинин Ардак грамотасы жана ыраазычылык кат менен сыйлады. Андан соң энергетиктерди кесиптик майрамы менен куттуктап өттү.

Ошондой эле энегетиктерди куттуктап келген коноктордун катарын Отун энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдаллануу жана өнөр-жай саясаты боюнча комитеттин мүчөлөрү катышып, энергетиктерди майрамы менен куттуктады.

Ага катар чакырылган коноктордун атынан жигердүү иштеген энергетиктер ар кандай сыйлыктарга ээ болушту.

Мындан ташкары, энергетика министри Таалайбек Ибраев кесиптештерин кесиптик майрамы менен куттуктап, эмгеги менен өзгөчөлөгөн энергетиктерге министрликтин “Каарман” төш белгисин жана Ардак грамотасын жана “Кызматташтык үчүн” төш белгисин тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий