• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Бишкек шаардык казыятына 664 Куран китеби тапшырылды

Коом 0

Бишкек, 14.09.20. /Кабар/. Бүгүн, 14-сентябрь күнү Бишкек шаардык мусулмандар казыятына Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына Медина шаарынан келген ыйык Куран китептеринен 664 даана китеп жеткирилди. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, китептер ордо калаадагы ар бир мечитке, медреселерге акысыз таратылат.

«Бул сооптуу ишке себепчи болгон ар бир мусулман бир туугандарга, муфтияттын кызматкерлерине Алла Таала ыраазы болсун. Биз ар бир китепти тактык менен мечиттерге жеткиребиз. Бул китептердин сапаты мыкты экен. Андыктан Аллахтын үйүндө мүлк катары кала берет», - деди Бишкек шаарынын казысы Замир кары Ракиев.

Белгилей кетсек, 11-сентябрда Кыргызстанга Сауд Арабиянын Медина шаарынан 34 миң даана Куран китеби келген.

Пикир

Оставить комментарий